16.07.2018 11:04

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында селден коргоочу дамбанын 250 метри бекемделди

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында селден коргоочу дамбанын 250 метри  бекемделди

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында селден коргоочу дамбанын 250 метр аралыгы бекемделди. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 2018-жылдын 12-июль күнү саат 19:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен колоттордон келген суулар каналга батпай Чок-Тал айылындагы мүрзөнү жана Тамчы айылындагы 10 үйдүн короолорун жана аэропорттун учак конуучу жолунун 200 метр аралыктагы жолдун четин суу каптаган.

Кырсыктын кесепетин жоюу иш-чараларына райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, “АТС-плюс” жеке менчик ишканасынан 2 экскаватор тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында Тамчы айылындагы селден коргоочу дамбаны калыбына келтирүү иш чаралары жүргүзүлүп, жалпысынан 250 метр аралыгы бекемделди. Иш чаралар бүгүн,16-июль күнү улантылат.